Домой Экономика Бишкек шаардык соту камволдук-нооту комбинатынын банкрот деп тааныды

Бишкек шаардык соту камволдук-нооту комбинатынын банкрот деп тааныды

8

банкрот

Бишкек шаардык соту “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ачык акционердик коомун банкрот деп тааныды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда “ВБ”га ишкананын башкаруу төрагасы Кубанычбек Миңбаев билдирди. Анын айтымында, шаардык сот комбинатты иштей албайт деп тапкан райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Буга чейин Экономика министрлигинин банкрот иштери боюнча департаменти Бишкектин райондор аралык сотуна “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ачык акционерди коомун банкрот деп таануу тууралуу доо арызды берген. Доо арыз мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүнүн негизинде жазылган. Райондор аралык сот 2013-жылы июнда бул арызды карап чыгып, ишкананы банкрот деп жарыялап жана атайын администрациялоо процедурасын дайындоо тууралуу аныктама чыгарган. Атайын администрациялоо өз кезегинде ишкананын каражат төлөп берүү мүмкүндүгүн тактап чыкмак. “Азыр Бишкек шаардык соту райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырды”,- дейт Миңбаев

Ал 2009-жылы ишкананын карызы 4,5-5 млн сом болгонун, бирок салык кызматы пеняны кошуп эсептеп 26 млн сомго чейин көбөйтүшкөнүн түшүндүрдү. ” Учурда биз салыкчылар менен соттошуп жатабыз, ошого карабай алар муну кошуп эсептеп жана сотко беришкен”,- деп нааразы болду Миңбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин директорлор кеңешинин төрагасы ишкананы банкроттон сактап калыш үчүн өкмөттөн алты ай мөөнөт сураган.

Комбинаттын техникалык насыя боюнча карызы 6 млн доллар.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227629