Домой Коом Бишкек шаарынын көчөлөрү 3 жыл ичинде 200 миллион долларга реконструкцияланат

Бишкек шаарынын көчөлөрү 3 жыл ичинде 200 миллион долларга реконструкцияланат

2

жол ремонтБорбор шаарыбыздын бир катар жолдорун реконструкциялоо боюнча Кытай өкмөтү менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо жыйынтыкталды. Анын натыйжасында жакынкы үч жылдын ичинде Бишкек шаарынын көчөлөрү болжол менен 200 миллион долларга оңдолуп-түзөлөт. Бул туурасында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов өзү билдирди. Анын берген маалыматына ылайык жолдорду оңдоо иштерине тартыла турган кытай компанияларынын тизмеси азыртадан эле берилген. Ал компаниялардын ичинен кимиси көңүлүбүзгө көбүрөөк толо турган болсо, тандап алуу укугу бизде. Конкурстук тандоо Бишкек шаарында өтөт. Мына ушул максатта келерки жуманын биринчи күнүндө борборубузга конкурсанттар келишет. Алар колдоруна долбоордук документтерди алган соң 45 күндүн ичинде сметалык документтерин жана конкурстук сунуштарын берүүгө милдеттүү болушат. Андан кийин конкурс өтүп, март айынын башында оңдоо иштери башталышы керек. Эске сала кетсек, Бишкектин жолдорун Кытай тараптан келе турган каражатка оңдотуу тууралуу сунуштар айтыла баштаганда эле, айрым саясатчылар «Эми башкасы бүтүп жолдорубузду да башка мамлекеттерге оңдото баштадыкпы?» деп күпүлдөп чыккандар болгон. Эгерде өзүбүздүн азыркы тапта мүмкүнчүлүгүбүз чектелип турса, башкалар жардам кылалы деп колун созуп турганда андай жардамдан баш тартуунун өзү макоолук болуп каларын дагы айткандар болгон. Ырасында мындай жардамдан баш тартуунун өзү чекилик болмок. Жакшы тилек, ниет менен жасалып аткан жардамды алып, уңкур-чуңкуру жок түз жолдор менен каттап калсак жаман болобу?..

Айбат гезити №114