Домой Экономика Бишкек ТЭЦиндеги көмүрдүн запасын 100 миң тоннадан ашырышты

Бишкек ТЭЦиндеги көмүрдүн запасын 100 миң тоннадан ашырышты

4

угольКечээ, 19-августка карата Бишкек жылуулук электр борборундагы көмүрдүн калдыгы 103,1 миң тоннаны түздү. Келе жаткан күз-кыш мезгили үчүн 850 миң тонна көмүр кажет. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик кооомунун басма сөз кызматы маалымдады.

Ушул эле күнү ТЭЦке 90,1 миң тонна көмүр түшсө, анын 25,9 миң тоннасы Кара-Кеченин, 64,2 миң тоннасы Шубаркүл кенинин көмүрү.

Ош ТЭЦине 13-августта 15,5 миң тонна жагуучу мазут жеткирилген. Мазуттун жалпы калдыгы 22,4 миң тонна.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229242