Домой Коом “Бишкекгаз” “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасына газ берүүнү токтотту

“Бишкекгаз” “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасына газ берүүнү токтотту

3

бишкекгаз.jpeg2“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы карызын төлөбөгөндүгүнө байланышуу “Бишкекгаз” газ берүүнү токтотту. Бул тууралуу “Бишкекгаз” ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын карызы 124 млн сомго жеткен. Андыктан кечээ, саат 14:00дон тартып “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын объекттилерин газ менен камсыз кылуу токтотулду. Анын ичинде “Орто-Сай”, “Баят”, “Кудайберген”, “Пишпек” жана “Жал” мештери дагы бар. Аталган мештер аркылуу газ керектөөчүлөрдү ысык суу менен камсыз кылуу дагы токтотулат.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229629