Домой Коом Бишкекте №8 троллейбустук каттам убактылуу токтотулат

Бишкекте №8 троллейбустук каттам убактылуу токтотулат

3

тролебусҮстүбүздөгү жылдын 14-июлунан тартып жол оңдоо иштерине байланыштуу №8 троллейбустук каттам убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирди, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

№9 троллейбустук каттам кыскартылган схемада өз ишин аткарат, тагыраак айтканда, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү Институт Земледелия аялдамасынан №2 төрөт үйүнө чейинки аялдаманын аралыгы боюнча жүргүзүлбөйт.

Жолду оңдоп-түзөөнүн болжолдуу мөөнөтү — бир ай.

Каттамдын жаңыртылышы тууралуу маалыматтар кошумча берилет.

Бишкек троллейбус башкармалыгы шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайсыздыктарды жаратканы үчүн кечирим сурайт.

Булак : Баракелде