Домой Спорт Бишкекте дүйнөнүн чемпиону титулу үчүн эрежесиз кармаш болот

Бишкекте дүйнөнүн чемпиону титулу үчүн эрежесиз кармаш болот

5

3-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында дүйнөнүн чемпионаты наамы үчүн эрежесиз кармаш болуп, анда америкалык Шах Бабонис менен кыргызстандык Актилек Жумабек уулу беттешет.

Күрөштү уюштуруп жаткан Улуттук күрөш кулатуу-эртаймаш федерациясынан маалымдашкандай, кыргызстандык файтер жаш кезинде эркин күрөш менен машыккан, кийин улуттук спорттун түрү болгон кулатуу менен алектенип, бул кармаштын түрү боюнча бир канча жеңиштерге жетишкен.

Актилек Жумабек кулатуу боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону жана Азиянын эрежесиз кармашынын чемпиону болуп эсептелет.

Акыркы үч айдан бери ал Шах Бабонис менен кармашууга тынымсыз даярданган.

Бул күнү Спорт сарайда дагы бир нече кармаш болот, анын ичинде Россия жана Грузиянын файтерлери күч сынашат.А3

VS_(1) VS_(2) VS_(3) VS_(4) VS_(5) VS_(6) VS_(7)