Домой PR Бишкекте ким мыкты айдоочу?

Бишкекте ким мыкты айдоочу?

4

mar
Бишкекте “Мыкты айдоочу” деген аталыштагы конкурс айдоочулардын күнү болгон 25-октябрь күнүнө карата 13-октябрда старт алат. Бул тууралуу конкурстун уюштуруучусу “Ариет” демилгечи тобу менен “Бир бол” коомдук фонддон кабарлашты. Алардын маалымат боюнча, бу конкурсту уюштуруп жатканын негизги максаты айдоочулардын ышкысын ойготуп, кесипчилик ишине болгон мамилесин жакшыртуу жана сапаттуу иш алып барууга үндөө, кызыктыруу. Бул иш-чаранын алкагында “Мыкты кичи автобус айдоочусу”, “Мыкты автобус айдоочусу”, “Мыкты троллейбус айдоочусу” деген аталыштагы наминациялар ыйгарыла турган сыйлыктар СМС билдирүүлөрдүн жыйынтыгы менен чыгарылат. Конкурска катышып жаткандар Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү тейлеп жүргөн автобус, кичи автобус жана троллейбустарына илинет. Айдоочулардын мыктысын унаалырынын тазалыгына, жүргүнчүлөрдүн тейлөөсүнө жараша бааланат. Анткени, акыркы кезде айдоочуларга жүргүнчүлөр тарабынан бир топ сын-пикирлер айтылып келет. Ошого байланыштуу айдоочулар ортосундагы маданиятты өстүрүү боюнча сынак болуп саналат.

Бу сынакты “Ариет” демилгечи тобу, “Бир Бол” коомдук фонду тарабынан уюшулуп, Бишкек мэриясы да көмөк көрсөтүп жатат дейт уюштуруучулар.

Сынак 13-октябрдан тарта 25-октябрга чейин уланып, жыйынтыгы 25-октябрда чыгарылмакчы.