Домой Ден-соолук Бишкекте организмде таш пайда болуусуна карата эл аралык конференция өтөт

Бишкекте организмде таш пайда болуусуна карата эл аралык конференция өтөт

7

таш11-октябрда Park Hotel мейманканасынын конференц-залында «Организмде заара чыгуучу түтүктөрдө таш пайда болуусун жана зааранын түтүктөрүндөгү оору жаратуучу абалдары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияда Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Индия өлкөлөрүнүн заара чыгуучу түтүктөрдү дарылоо жана алдын алуу жаатындагы алдыңкы адистер катышат.

Конференциянын башкы максаты КМШ мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда заара чыгуучу түтүктөрдө таш пайда болуусунун жана зааранын түтүктөрүндөгү оору жаратуучу абалдардын өсүш көйгөйлөрүн, аталган патологиялардын мурунку жана азыркы өсүшүн, ошондой эле буларды төмөндөтүү боюнча дарылоо-алдын алуучу иш-чараларын иштеп чыгуу чаралары талкууланат.

Айбат гезити №49