Домой Энергетика Бишкектеги эскилиги жеткен жогорку вольттогу электр чубалгылары алмаштырылат

Бишкектеги эскилиги жеткен жогорку вольттогу электр чубалгылары алмаштырылат

4

линия электро передач

«Бишкек шаарынын локалдык тармагын оңдоо жана электр бөлүштүргүч тармактардагы эффективдүүлүктү көтөрүү» инвестдолбооруна ылайык, «Түндүк электр» ААК 2013-2014-жылдары борбордогу 35 кВ эски кабелдик чубалгылардын 11 км алмаштырылат. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы 1960-жылдары курулган «ТЭЦ Бишкек-Пенько-Джутовая», «Южная-Центральная», «Лермонтова-Карагачевая» жогорку вольттогу кабелдик чубалгылар өз мөөнөтүн эбак эле өтөп бүткөн, алардын ток өткөрүм жоондуктары азыркы заманбап жүктөлүшкө дал келбейт.

Жогоруда белгилеген 35 кВ кабелдик желелер пластмасса менен капталган кабелдик чубалгылар. Мурдагы эски кабелдин ток өткөрүмдүүлүгү 70-150 мм² болсо, жаңы жаткырылган кабелдин жоондугу 240 мм², ток өткөрүмдүүлүгү олуттуу жогоруу.

Маалыматка ылайык, борбордо 35 кВ төрт кабелдик чубалгынын узундугу 11 км, ошондой эле 6-10 кВ 118 кабелдик чубалгынын узундугу 76 км тартылышы мерчемделинген. Бүгүнкү күнгө карата борбордо 6-10 кВ кабелдик чубалгылардын 6,9 км алмаштырылды.

Булак : Баракелде