Домой Кылмыш Бишкектеги төрөт үйүндө 500 долларлык уюлдук телефон уурдалган

Бишкектеги төрөт үйүндө 500 долларлык уюлдук телефон уурдалган

9

1Бишкек шаардык ИИББнин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, 23 жаштагы К. Ж. аттуу борбор калаанын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Анткени өткөн түнү саат 02:00 чамасында №4 төрөт үйүндө белгисиз бирөө анын пальтосунун чөнтөгүнөн баасы 500 доллар турган уюлдук телефонун уурдап алган. Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Д.Г. аттуу Бишкекте жашаган аял кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Айбат гезити №49