Домой Коом Бишкектин №33-орто мектебинде өрт чыгып, спорт зал өрттөндү

Бишкектин №33-орто мектебинде өрт чыгып, спорт зал өрттөндү

6

пожарныйБишкек шаарынын №33-орто мектебинде 11- август күнү саат 5:50дө өрт чыккан. Болжолдуу маалыматтарга караганда мектептин окуу класстары жабыркаган эмес. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мектептин спорт залы жана спорт залдын төбөсү өрттөнгөн. Учурда өрт өчүрүлүп, атайын тергөө тобу өрттүн келип чыгуу себептерин тактоодо.

“2011-жылы №33-орто мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, мекеме кеңейтилген. Ал эми мектептин спорт залы өзүнчө курулган” – деп айтылат билдирүүдө. (И.Н)