Домой Коом Бишкектин ишкерлери нааразычылык акцияларына каршы

Бишкектин ишкерлери нааразычылык акцияларына каршы

12

1Бишкектин ишкерлери борбор калаада нааразычылык акцияларынын өтүшүнө каршылыгын билдирип, маалымат жыйынын өткөрүштү.
Бишкектин ири соода түйүндөрүнүн ээлеринин айтымында, Кыргызстан акыркы 20 жылда туңгуюкка кептелгенин мойнубузга алышыбыз керек. “Бирок бул нааразычылык акцияларын өткөрүү керектигин билдирбейт. Ар бир жазда өтүп жаткан митингдер ишкерлерге терс таасирин тийгизүүдө. 2010-жылы талап-тоноочулук башталганда биз өз күчүбүз менен базарларыбызды сактап калганбыз. Акыркы жылдары соода-сатык нөлгө түшүп кетти. Баары коркушат. Республиканы, элди сактайбыз десек, бизге майдандын кереги жок”, – деди “Кыял” ишканасынын профсоюзунун башчысы Замира Саткеева.

Айбат гезити №72