Домой Саясат Бишкектин кийинки мэри оппозициядагы киши болушу керек

Бишкектин кийинки мэри оппозициядагы киши болушу керек

4

Дыйканбаев Курманбек“Бишкектин кийинки мэри оппозициядагы киши болушу керек”. Бул тууралуу “ЖКнын депутаты айрым ЖМКларга  Курманбек Дыйканбаев айтып чыкты.

Анын айтымында, Иса Өмүркуловдун отставкага кетишин анын мамлекет башчысы менен болгон мамилеси начарлап кетти деп айтууга болбойт. “Өмүркуловдун отставкасы анын – эркекче чечими. Өзүнүн жасаган ишинен нааразычылыктарды байкаган ар бир аткаминер ушундай кадамга барышы керек. Өмүркулов өз ордун табат. Ал кедей киши эмес”,- деди Дыйканбаев.

Республикачыл депутаттын айтымында, жаңы шаар башчысы боло турчу кишинин жок дегенде мамлекеттик кызматта үч жылдык тажрыйбасы болушу керек. “Шаар башчысы боло турчу киши өзү үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген киши болушу керек. Мэрдик кызматты оппозицияга же нейтралдуу кишиге бериш керек. Анткени коалициядагы киши өзүн көргөздү”,- деди ал.

Айбат гезити №56