Домой Коом Бишкектин мэри эң кедей саясатчылардын катарын толуктады

Бишкектин мэри эң кедей саясатчылардын катарын толуктады

6

иса омуркуловБишкек мэри Иса Өмүркулов 2012-жылы 1 млн 841 миң 672 сом киреше тапкан. Бул тууралуу ал бир жылдык кирешеси боюнча тапшырган айкындамада маалымдаган.

Ал кыймылсыз мүлк катары аянты 18,24 га болгон 3 жер тилкесин көрсөткөн. Ошондой эле анын дагы башка кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги аныкталган, бирок алардын аянтын калаа башчы тапшырган айкындамада көрсөткөн эмес. Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун өзүнүн менчик автоунаасы жок.

Анын жакын туугандары өткөн жылдын 12 айында 532 953 сом киреше тапкан. Ошондой эле аларга аянты көрсөтүлбөгөн эки үй, бир чоң машина жана эки жеңил автоунаа катталган. Аларды кыймылдаткычынын көлөмү жана чыккан жылы дагы көрсөтүлгөн эмес. Бирок ал туугандарына таандык 4 батир 167,2 чарчы метр аянтка ээ экендигин көрсөткөн.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229369