Домой Саясат Бизде “бок чокуган каргалар” европага барып билерман болушабы?

Бизде “бок чокуган каргалар” европага барып билерман болушабы?

5

ЕвромайданАйылдагы Үсөнбек байке казак боордошуна коноко барат экен. Күз маалында. Экөө аркы-беркини сүйлөшүп, сейилдеп жүргөндө казак бауру какылдаган карганы көрүп – быйыл суук эрте келет го, каргалар какылдап калыптыр – десе, Үсөнбек байке – иий энең, биздеги бок чокуган каргалар бул жака келип алып, билерман болуп алышкан го! – дептир.

Анын сыңарындай жакында, батыштын таламын талашкан депутаттар, коомдук ишмербиз деген сөрөйлөр кийинки айларда, океандын аркы жагына барышып, Американын көпөстөрү, эл бузаарлары менен жолугат имиш. Булардын ана башында турган Равшан мырза болсо азыртадан чакыруу алып, сүйүнүп жүрөт дейт. Деги булардын теги кыргыздарбы же сартчасынан ким акча берсе эле ошол жакты карап митинг-пикеттен бизнес жасап калганбы?

Ушул жазда Украинага барып, “евромайданда” жылдызы жанып келбеди беле, ошол жактан үйрөнгөн “актёрлугун” бул жакта кармата баштады окшойт. Качып кеткен “суу жүрөктөр”  жатып алышып, ой келди маектерди берип жаткандары кыргызга кызмат кылбай эле, жанакы анекдоттогу каргалар болушту го!

Айбат гезити №100