Домой Коом Бөдөш Мамырованын ою боюнча оппозициялык ММКларды гана эл окуп, башкаларын карабай калыптыр

Бөдөш Мамырованын ою боюнча оппозициялык ММКларды гана эл окуп, башкаларын карабай калыптыр

2

Мамырова Бөдөш«Ар-намысчы» Бөдөш Мамырова парламенттин 5-июндагы жыйынында оозубузду Ошту караткан билдирүү таратты.

Анын айтымында, кабарлар.kg, кыргызтудэй.kg, маалымат.kg, азаттыктын сайттары гана чыркыраган чындыкты жазып, калган ММКлар калпты ышкыртып гана калышыптыр.

Акыл болбосоң кое кал! Аталган сайттар оппозициянын арыгын катыра чабары көмүскөдө айтылып жүрчү эле, ал эми Бөдөш Аманбаевна муну расмий тастыктап салды.

Эгер оппозициянын түшүнүгүндө өзүн «байдын эрке кызындай мактаган» басылмалар акыйкатчыл, аларды сындагандар жалганчы болсо, анда бийлик «абысыңдарынын» болгон-толгон деңгээли ушул экен деп калдык.

Айбат гезити №81