Домой Спорт Болгарияда жаштар арасындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан эки спортчу катышууда

Болгарияда жаштар арасындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан эки спортчу катышууда

9

Чемпионат по боксуУчурда Болгария мамлекетинин борбору болгон София шаарында 14-25-апрель күндөрү спорттун бокс түрү боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык спорт бөлүмүнүн жетекчиси Адыл Бакиров билдирди.

Анын айтуусу боюнча, аталган чемпионатка Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №3 адистештирилген балдар жана жаш өспүрүмдөрдү олимпиадага даярдоо спорт мектебинин эки мушкери 52 кг салмакта Абдрахман Абдрахманов жана 75 кг салмактагы Темирлан Чоенбек уулу катышууда.

Бокс боюнча машыктыруучу Марат Шамаматовдун София шаарынан билдирген маалыматына ылайык, дүйнөлүк  чемпионаттын биринчи күнүндө  52 кг салмактагы таймашта Албаниялык Зенели Кренар мушкерин кыргызстандык Абрахман Абдрахманов 3-0 эсебинде жеңген.

Айбат гезити №74