Домой Саясат «Бөлтүрүктөр» карышкырга айланып, «Ата Мекенди» «жей» баштадыбы?

«Бөлтүрүктөр» карышкырга айланып, «Ата Мекенди» «жей» баштадыбы?

2

Болот Шер

2010-жылдагы парламенттик шайлоонун астында «Ата журт» партиясынын төбөлү Камчыбек Ташиев түштүктөгү райондордун биринде жолугушуу өткөргөндө: «Биз азыр «бөлтүрүкбүз». Кийин карышкыр болуп Текени («Ата мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди айтканы) жейбиз» маанисинде күпүлдөгөнүн журналист журтчулугу жакшы эле чуулдатышкан.

Эми ошол «бөлтүрүктөр» карышкыр болуп, «ата мекенчилерди» четинен «жей» башташыптыр. Буга Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, алдыда Жогорку соттун чечимин күтүп жаткан «ата журтчу» Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун Таластагы сапарын мисалдасак жарашат.

6-июлдагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу ойдогудай өтпөгөн соң «Ата мекендин» лидерлеринин бири Болот Шер үч кесиптешин Чоң-Капка айылында ойда коноктогонун угуп жакабызды кармадык.

Табиятынан жолборс мүңөздүү Болот Шер «мокогонбу» же «мародер-гейт» чатагынан шайы ооп, эртең эмне болуп кетер экен деп кооптонгонбу, айтор, «ата журтчуларга» жагынып, таман жылкы союп мейманчылаганына түк түшүнбөдүк. Же эмне, Шер 2008-жылы Түптөгү Жапаров уюштурган «жумуртка операциясын», 2010-жылкы парламенттик шайлоонун алдындагы карышкырга айланып, «ата мекенчилерди» четинен «жейбиз» дегенин эсинен чыгарганбы? Унутпаса керек. Андай болсо Болот Шердин мындай «сыйчылдыгын» келечекти көздөп иш кылган аракети катары кабылдасак болчудай. Бирок, «эки тоонун чөбүн эңсеген эчки» арам өлөрүн Шердин эсине салып коелу…