Домой Кызыктар дүйнөсү Британияда эң бийик скульптура ачылды

Британияда эң бийик скульптура ачылды

10

ат башыШотландияда “Келпи” деп аталган эң чоң скульптуранын курулушу аяктады. Эбегейсиз чоң эки аттын башынан турган скульптура Фолкирк аймагында тургузулду. 30 метрлик скульптуралар жалпы баасы 43 миллион фунт стерлинг деп бааланган “Геликс” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул долбоор Шотландиянын аймагын өнүктүрүүнү жана өлкөгө туристтерди тартууну көздөйт. Бул эмгектин дизайны глазголук сүрөтчү Энди Скотко таандык. Аттардын башын жасап чыгуу үчүн 10 миңдей атайын конструкция жана 600 тонна металл керектелди. “Келпи” скульптурасынын курулушу июнь айында башталган. Британиядагы эң бийик скульптура кийинки жылы толугу менен ишке кирет.

Айбат гезити №55