Домой Саясат БШК: Депутаттарга мандатын ажыратуу тууралуу сөзсүз түрдө кабарлоо зарыл эмес

БШК: Депутаттарга мандатын ажыратуу тууралуу сөзсүз түрдө кабарлоо зарыл эмес

1

мандатыыыыыыыЖогорку сот тарабынан соттолгон “Ата-Журт” фракциясынан депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду алар катышпаган күндө дагы, эл өкүлдөрүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) кабарлама катын жөнөтпөй туруп деле мыйзам боюнча мандатынан ажыратууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова маалымдады.

Эскерте кетсек, буга чейин кечээ, 19-августта шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия кабарлама кат даяр экенин, аларды жактоочу алып кетүүсү кажет экенин маалымдаган. Бирок БШКнын басма сөз кызматынын өкүлү Кыял Бектурова атажурчулардын катышуусу жок БШКнын мүчөлөрүнүн жыйыны болбой турганын кабарлаган.

Бапанова бул маалыматты четке какты жана эгерде мандаттан ажыратуунун себеби соттун чечими болсо, эл депутаттарынын БШКнын жыйынына катышуусу милдеттүү эмес экенин жана кабарлама кат жөнөтүүнүн зарылдыгы жок экенин кошумчалады.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229223