Домой Негизги БШК парламенттик шайлоону 4-октябрга белгилөөнү сунуштады

БШК парламенттик шайлоону 4-октябрга белгилөөнү сунуштады

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү ыңгайлуу боло тургандыгын билдирген катты өлкө башчысына жолдоду. Катта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мөөнөт шайлоо өткөн убактан баштап эсептелери жана шайланып келген айда мөөнөтү бүтөөрү белгиленген. Мындан улам, шайлоону өткөрүү 4-октябрда ыңгайлуу болоорун Т.Абдраимов баса белгилейт.

Шайлоо

Кандай гана шайлоо болбосун компроматтар «согушу» менен коштолору белгилүү. Мунусуна караганда накта маалыматтык кармаш эми башталчудай. Депутат болчумун деген саясатчылар бири биринин абийирин чукуп, маалымат каражаттарына «заказ» материалдарды жайгаштырары күтүлчү нерсе.

Шайлоо – шайлоосу менен. Эң башкысы, «оюндан от чыгарып» албасак болгону. Шайлоо да өтөт. Бизге эң башкысы – Кыргызстаныбыздын бүтүндүгү, элибиздин ынтымагы маанилүү.

Айбат гезити №124