Домой Коом Бүгүн Чүй областынын айылдарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн Чүй областынын айылдарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

4

выборБүгүн, 23-августта Чүй областынын Сокулук районундагы Фрунзе, Панфилов районундагы Орто айыл аймактарында өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт, деп билдирет Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.

Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы П.Рахимов өзүнүн берген арыздарынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал эми Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы Т. Молдокулов Кыргыз Республикасынын премьер-министринин буйругу менен Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалган.

Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан Арфел Кушчубаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы кызматына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан Алтынай Абдыраеванын, Эркин Арыковдун жана Максат Оторбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229417