Домой Коом Бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан вице-премьер-министрлеринин жолугушуусу болот

Бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан вице-премьер-министрлеринин жолугушуусу болот

0

границаБүгүн 10-июлда Тажикстандын Худжант шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын вице – пермьер-министрлеринин катышуусунда, мамлекеттик чек арадагы  делимитация жана демаркация маселелерин көтөргөн жолугушуу болот. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кыргызстандан вице-премьер-министр Токон Мамытов барат.

Кыргыз делегациясынын курамында КР Өкмөтүнүн атайын өкүлү К. Искандаров, Тышкы иштер министринин орун басары А. Бешимов, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Т. Усубалиев, ИИМ орун басары К. Асанов, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Ж. Разаков, ошондой эле Өкмөт Аппаратынын, ТИМ жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери бар.

“Жолугушуунун алкагында чыр-чатактарды алдын алуу, укук тартибин киргизүү жана чек ара аймактарында бирдиктүү кызматташуу маселелери каралат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Вице-премьер-министрлердин жолугушуусу 11-июлда аягына чыгат.