Домой Кызыктар дүйнөсү Бул баланын рентгенин көргөн доктурлардын жүрөгү токтоп кала жаздады

Бул баланын рентгенин көргөн доктурлардын жүрөгү токтоп кала жаздады

17

Эгер сиз суши жегенди жакшы көрсөңүз, анда бул макаланы окубай эле койгонуңуз оң.

Жакындале, Кытайда бир жаш бала уугуу (орусча – отравление) болду деген симптомдор менен, бейтапканага тез жардам унаасы менен жаткызылган. Ичи катуу ооруп, дене-боюн тызылдатып, тынчтык бербей баланы кыйнаган. Доктурлар баланын рентгенин көрүп, абдан таң калышып. Анткени, анын болгон денесин жүздөгөн тасма курттар (орусча – ленточные черви) каптап кеткен.

Доктурлардын айтышы боюнча, бала суши жегенден кийин уугуккан. Анткени, сушини жасоого колдонулган балыктардын чийки этинде, тасма курттар өлбөй калышы толук мүмкүн.

Адамдын организми үчүн мындай курттар өтө кооптуу. Канга жана лимфага кирген бул курттар мээге да жетет. Мындай шартта адам өлүмгө учурашы толук мүмкүн. Ичеги-карында жүргөн бул курттар бир нече чакырымга чейин өсүп кетиши мүмкүн.

Бала өз учурунда доктурларга кайрылгандыктан, медициналык жардамды толук алып, аман калышы мүмкүн. Бирок, байкуш экинчи суши жегис болду го…

1

2 3 4

Баймоңолов Бектур

Айбат гезити №99