Домой Саясат Бүркүталиевич бүркүттөй учту

Бүркүталиевич бүркүттөй учту

22

Бир болГезитибиздин өткөн санында жарык көргөн «Бир болдун» катарында криминалдар барбы?» аталыштагы макалада 13-апрелде өткөн Токтогул шаардык кеңешиндеги шайлоодо аталган партиянын 11-тизмесинде Өзүбеков Аманбек Бүркүталиевич аттуу жигит бардыгын, ал убагында эгизи Эсен менен чогуу «криматалык», маркум Рыспек Акматбаев менен чогуу жүргөнү баяндалган. Ошол макаладан кийин кетментөбөлүктөр редакциябызга коңгуроо кагышып, кызык жаңылыкты айтышты. Ага кулак түрсөк, Аманбек «Бир болдун» атынан шаардык кеңеште депутаттык мандат тагынып, ал турсун, шаардык кеңештин төрага орунбасарлыгына шайланыптыр. Убагында «криматалыкты» жандап жүргөн «азаматтын» Токтогул шаардык кеңешинин вице-спикерлигине көчүк басканы – иштин бүткөнү эмеспи? Жалаң таза, жаңы жүздөрдү партиябызга кошобуз деген «Бир болдун» «атаманы» Алтынбек Сулаймановго эмне дээрибизди да билбей турубуз. Аман болсун дейли…

Айбат гезити №77