Домой Коом Буудайдын түшүмү өткөн жылдагыдан 30 пайызга жогору болгон

Буудайдын түшүмү өткөн жылдагыдан 30 пайызга жогору болгон

1

p-0001_100516Кыргызстанда буудайдын түшүмү өткөн жылдагыдан 30 пайызга жогору болот деп күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда болгон басма сөз жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев маалымдады

Анын айтымында, учурда дан эгиндеринин жыйноонун үчтөн бир бөлүгү аяктап калды. “Буудайдын түшүмү 742 миң тонна көлөмүндө болушу күтүлүп жатат. Бул өткөн жылдагыдан 200 миң тоннага көп. Ыкчам алынган маалыматтарга таянсак, 494,3 миң га жердин 176,1 мин га аянты жыйналды. Бул 35,6 пайызды түзөт жана өткөн жылдагыдан 28,4 пайызга көп. Картошка 4,2 гектар аянтка эгилсе, анын түшүмдүүлүгү гектарына 150 центнерден айланды”,- дейт Узакбаев.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227857