Домой Коом Быйыл ажылыкка баруу 2 миң 300 доллар турат

Быйыл ажылыкка баруу 2 миң 300 доллар турат

5

мекке

Кыргызстандын зыяратчылар үчүн ажылыктын так баасы аныкталды. Быйыл ажыга баруучулар 2 миң 300 доллар төлөшөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын маалымат катчысы Эсен Өмүракунов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, быйыл ажылыкка баруунун баасы былтыркыга 50 долларга кымбаттады. Себеби, “Кыргыз Транс Авиа” авиакомпаниясы жол киренин баасын кымбаттаткан.

Быйыл Кыргызстанга 3 миң 600 квота бөлүнгөн, бул 2012-жылга салыштырмалуу 900 орунга аз. Квотанын кыскарышы Сауд Аравиясында жүрүп аткан курулуш иштерине байланыштуу.

Ошондой эле, кыргызстандык зыяратчылар 17-сентябрдан 3-октябрга Сауд Аравиясына учушат.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/226162