Домой Коом Быйылкы жылы мектепке биринчи жолу кирип аткан жеткинчектердин саны өткөн жылга салыштырмалуу...

Быйылкы жылы мектепке биринчи жолу кирип аткан жеткинчектердин саны өткөн жылга салыштырмалуу көп

27

1-сентябрьКыргызстанда 2 миңден ашуун жалпы билим берүүчү жана 60 жеке менчик мектеп расмий түрдө жаңы окуу  жылына киришти.  Бул тууралуу Билим министрлигинин басмасөз кызматы кабарлайт. Бардык мектептерде алгачкы коңгуроо кагылууда. Адатта 1-сентябрда белгиленчү Билим күнү  быйыл жекшембиге туш келгени үчүн бүгүнкүгө жылдырылган. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 2012-2013-жаңы окуу жылында Кыргызстанда жүз эки миңге жакын бөбөк алгачкы жолу мектеп босогосун аттайт. Министрлик быйылкы жылы мектепке кирген жеткинчектердин саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөнүн билдирүүдө.

Айбат гезити