Домой Саясат Cадыр Жапаров мыйзамды сүйлөп калыптыр

Cадыр Жапаров мыйзамды сүйлөп калыптыр

10

Жапаров Садыр

 Жаңы эле камактан чыккан “атажуртчу” депутат Садыр Жапаров 9 ай бою мыйзам тууралуу катуу ойлонгон окшойт, “мыйзамдын чегинде иш кылышыбыз керек” деп калыптыр.

 Парламенттин бүгүнкү отурумунда “Кумтөр” маселесин мыйзамдуу гана чекте чечүү керектигин, муну президент да, премьер да чече албастыгын, парламент гана мыйзам чыгаруучу орган катары буга киришүү керектигин айтты.

 Буулугуп калыптыр, жигит. Ылайым эле ушинтип мыйзамдын чегинде иш кылышаар бекен – убакыт көрсөтөр, же кайрадан арты менен кетеби? Ушул тууралуу забордон секирип, секиртип, Көлдөгү, Жалал-Абаддагы элди козутуп атышканда неге ойлонушпады экен, аттиң?

 Соратниктериңерди да мыйзамды сактоого чакыргыла эми, күз айлары менен ар кандай оюндарды баштабай…