Домой Экономика Centerra Gold ишканасынын акциясы акырындап өсүп жатат

Centerra Gold ишканасынын акциясы акырындап өсүп жатат

3

centerraКыргызстанга 33% акциясы таандык болгон Канаданын алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясы өсүүдө. Бул тууралуу Торонтонун фондулук биржасынын расмий сайты маалымдады.

Жума күнкү соодалашуунун жыйынтыгы боюнча айдын башынан бери бир баалуу кагаздын наркы 4,56 доллардан 3,25 долларга чейин жогорулагандыгы байкалган.

Ал эми Кыргызстандын пакетинин баасы 353 млн долларды түзөт.

Июлда Centerra Goldдун акциясынын баасынын өзгөрүүсү алтынга болгон баанын өзгөрүүсүнө байланыштуу болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстан алтын өндүрүүчү бул компаниянын эң негизги акционери болуп эсептелет.