Домой Экономика Centerra митингдер өндүрүш көлөмүнө сезилерлик таасир бербейт деп күтүп жатат

Centerra митингдер өндүрүш көлөмүнө сезилерлик таасир бербейт деп күтүп жатат

7

Кенде транспорт каттамдары иштей баштаганына байланыштуу азык-түлүк жеткирүү, зарыл болгон материалдар менен камсыздоо калыбына келди

алтын

“Кумтөр” кенинде жүргүзүлүп жаткан иштерди аргасыз кыскартуу, бул факты тыкыр баалоону талап кылганына карабай 2013-жылы пландалган өндүрүш көлөмүнө сезилердик таасир бербейт. Бул тууралуу Канаданын Centerra Gold Inc алтын казып алуучу компаниясынан кабарлашты.

Ал жакта 1-июнда кендеги электр энергиясын берүү жаңыланганын тастыкташты.

“30-майдан 1-июнга чейин тоо иштеринин чоң көлөмү токтоп калганына да карабастан жетишерлик сандагы тоо техникасынын туруксуздук аймактагы калдыктарды ташуу иштери улантылды”, -деп билдиришти компаниялар.

Эскерте кетсек, 28-майда 200гө жакын жергиликтүү тургандар бейтапкана жана жол салып берүүнү талап кылып Кумтөр алтын кенине барчу жолду тосуп алышкан. Кечээ, 30-майда алар “Кумтөр” ишканасын электр энергиясы менен камсыздоочу Тамга айылынын жанындагы подстанцияга чабуул жасап башташкан. Аны тегерете милициялар турганына карабастан митингчилер подстанциядан Кумтөр алтын кенинин жарыгын өчүрүшкөн. Тараптардын кагылышуусунан 63 адам жабыркаган.

Ал эми, 31-майда, президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.