Домой Саясат Ч.Султанбекова Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Ч.Султанбекова Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

1

1Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 12-июнда парламенттин кезектеги жыйынында «Республика» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекованы вице-спикерлик кызматка шайлады.

Тиешелүү комитеттин чечимине ылайык, талапкерди шайлоо жашыруун электрондук добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 89 депутат «макул», 9 депутат «каршы» добуш берип,натыйжада анын талапкерлиги жактырылды.

Эске салсак, Ч.Султанбекова Бакыт Төрөбаевдин ордуна «Республика» фракциясынан сунушталган. Ал эми Б.Төрөбаев «Өнүгүү» депутаттык тобуна мүчө болуп кеткендигине байланыштуу вице-спикерлик кызматын өткөрүп берген болчу.

Булак : Баракелде