Домой Саясат Ч.Турсунбековго парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясын түзүүгө мандат тапшырылды

Ч.Турсунбековго парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясын түзүүгө мандат тапшырылды

9

Турсунбеков ЧыныбайПрезидент Алмазбек Атамбаев КР Жогорку Кеңешинин фракцияларынын лидерлери менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев катышкан жолугушуунун жүрүшүндө, фракциялардын жетекчилери менен парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясын  түзүү маселесин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, президент А.Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүүнү, ушул жылдын 11-апрелинен калтырбай премьер-министрдин кызматына талапкерди сунуштоону, КР Жогорку Кеңешинде  КР өкмөтүнүн  түзүмүн жана курамын аныктап, программасын карап чыгып, бекитүүнү камсыз кылууну сунуштады.

А.Атамбаев ошондой эле, КСДПнын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүүнүн жүрүшүндө жана коалициялык макулдашууга кол коюуда бардык бийлик бутактары үчүн башкы милдет мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана 2013-2017-жылдар мезгилинде КРны туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын cөзcүз ишке ашыруу экендигин эске алууну сунуш кылды.

Мамлекет башчысы, парламенттик фракцияларга парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүүдө жана коалициялык макулдашууга кол коюуда КР Конституциясын бекем сактоону сунуштады. Коррупциялык тобокелчиликти эске алуу менен, административдик ведомстволордогу, башка органдардагы жана уюмдардагы кызмат орундарды фракциялар ортосунда бөлүштүрүү боюнча азыркы ыкмадан баш тартып, коалициялык макулдашууда КР өкмөтүнүн курамын гана аныктоону сунуштады.

Айбат гезити №70