Домой Саясат Чабал өрдөк эрте учат

Чабал өрдөк эрте учат

4

ЖапаровАйтор парламент таркашына аз калганбы же көзү ачыктар айтканбы “чабал өрдөк эрте учат” болуп, Ар-Намыс партиясынан чектелип калган, кесиптештеринен жектелип калган Акылбек Жапаров деген байбача “Демократия жана эркиндик” аталышында партия түзө калып, жарнамаларын аймактарда илип баштаган экен. Анысы да аз болуп, Ат-Башы районуна казыларды,  молдокелерди чогултуп алып, этке шыкап жатса, Кочкор районунда иниси классташтарына чай берип жүрөт дейт. Аттин ай Акылбек аке шайлоого мынча эрте даярдык көрө баштаганын көрүп, өзүндү шайлоодо жүргөндөй сезет экенсин. Даярданса мейли, бирок, учурунда КСДПда жүрүп  кийинчерек кандуу “Ак-Жол
” партиясында секирип, шайлоо алдында Ар-Намыска кире качып, министр болгон сон анысынан да кур калып, эми элдин ишеничин кантип алып, буга чейин берип келген убадаларын кантип аткарат  болду экен, көрө жатарбыз.