Домой Саясат Чампалай салып, чардаганы кетишти…

Чампалай салып, чардаганы кетишти…

10

жогоркуЖогорку Кеңештин депутаттары былтыркы жылдагы рекорддук көрсөткүчтү ашып түштү. 2011-жылдын 30-июнунда бир күндө 30 мыйзам долбоорун кабыл алып, эс алууга чыга качкан эл өкүлдөрүнүн окуясы элдин эсинен деле чыга элек эле.

Парламенттин 5-сессиясынын акыркы пленардык жыйынында депутаттар мыйзам долбоорлорун кабыл алуу боюнча бир күндүн ичинде 64 мыйзам долбоорун кабыл алышып, ошону менен сентябрь айына чейин эс алууга тарап кетишти. 27-июндагы парламент жыйынын күн тартибинде эки токтом жана 64 мыйзам долбоору каралган. Көпчүлүгү 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Алардын бардыгы көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынды. Депутаттардын жумуш күнү 9.30 да башталып, 19.00 дө аяктап, мыйзам долбоорлоруна добуш берүүгө жалпысынан эки сааттай убакыт гана кетти.

Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышын иликтеген комиссиянын ишин бир айлап талкуулаган эл өкүлдөрүнүн64 мыйзамдын долбоорун бир күндө чампалагандан беттери да кызарып койгон жок. Ансыз да чаң баскан мыйзамдардын катарын толуктай турган мыйзам долбоорлору айланып келип, кыргыздардын жана кыргызстандыктардын жашоо-тиричилигинде орун ала турган мыйзамдар экени эл өкүлдөрүнүн эсине да келген жок. Кайран мыйзам долбоорлору, кайран депутаттар…