Домой Ден-соолук Чаткал районунда жугуштуу дарттарды аныктоочу жаңы лаборатория курулуп жатат

Чаткал районунда жугуштуу дарттарды аныктоочу жаңы лаборатория курулуп жатат

4

лаборотория

Чаткал районунун санэпидстанциясына жаңы лабораториянын имаратын куруу иштери башталды. Бул тууралуу райадминистрациядан билдирди. Маалыматка ылайык, аталган лабораториянын курулуш иштери жакынкы күндөрдө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Калк арасында жугуштуу ооруларды  аныктоо лабораториясынын жоктугунан тиешелүү анализдерди аныктоо үчүн жергиликтүү жашоочулар коңшулаш райондорго, Ош, Жалал-Абад,Бишкек шаарларына барууга туура келген. Лабораториянын курулуш иштерине  Саламаттыкты сактоо министрлигинен 8 млн сом бөлүнгөн. Чаткал районунун эсебинен 1 млн  сом бөлүнүп берилди.

Айбат гезити №49