Домой Кылмыш Чаткал РИИБнин бөлүм башчысынын орун басарынын үйүнөн 2 капка салынган баңги затынын...

Чаткал РИИБнин бөлүм башчысынын орун басарынын үйүнөн 2 капка салынган баңги затынын өсүмдүгү табылды

8

Чаткал

Жалал-Абад облусундагы Чаткал РИИБынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысынын орун басарынын үйүнөн эки капка салынган баңги затын даярдоочу өсүмдүк табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБынын басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы. Маалыматка ылайык, салмагы 13,5 килограммды түзгөн баңги затын даярдоочу өсүмдүк салынган эки кап милициянын подполковнигинин үйүнүн үстүңкү бөлүгүнөн табылган. Баңги затынын өсүмдүгүн сактоого Чаткал РИИБынын милиция кызматкери да шектелүүдө. Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн аталган аймакка Жалал-Абад ОИИБынын кызматкерлери, облусттук прокуратуранын кызматкерлери жөнөп кетишти. Кармалган жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселе каралууда. Жалал-Абад ОИИБынын башчысынын буйругуна ылайык, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.

Айбат гезити №45