Домой Коом Чек арадагы жаңжал боюнча өзбек ММКлары жалган маалыматтарды атайылап таратууда.

Чек арадагы жаңжал боюнча өзбек ММКлары жалган маалыматтарды атайылап таратууда.

9

граница 23-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жетизагар аймагындагы жаңжал боюнча өзбек ММКлары жалган маалыматтарды атайылап таратууда, деп билдирди Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

«Атайын тергөөнүн жыйынтыгы жок жана Кыргызстандын чек ара кызматынын кызматкерлерине биринчи болуп ок чыгарган өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз ишин карабастан, өзбек ММКлары болуп өткөн жаңжалга кыргыз чек арачыларын күнөөлөөдө», – деп жазылат маалыматта.

«Мындан тышкары, өзбек ММКлары болуп өткөн жаңжал боюнча кыргыз жана өзбек чек арачыларынын өкүлдөрү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча да маалыматты бурмалап жатышат», – дейт басма сөз кызматы.

Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, өзбек ММКлары ушундай иш аракеттери менен болуп өткөн жаңжалдын себептерин жана жагдайын объективдүү иликтөөгө бут тосууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы өзбек тарапты аталган жаңжалдын иликтөө иштери аяктамайынча кыргыз кесиптештерин далилсиз эле күйөөлөй берүүнү токтотууга чакырат.