Домой Дүйнө кабары Чилидеги өрт 12 кишинин өмүрүн алып жана 2 миң үйдү талкалаган

Чилидеги өрт 12 кишинин өмүрүн алып жана 2 миң үйдү талкалаган

3

Чили рт

Бийлик 10 миң кишини кооптуу Вальпараисо районунан көчүрүп алып кетишкен. Бирок, өрт менен күрөшүү уланып жана аны токтотуу кыйынчылыкты жаратып жатат. Анткени, катуу шамалдан өрттүн жалыны  өз кучагына дагы жаңы жерлерди алууда.

Чили шаарчасын 2 суткадан бери уланып жаткан өрт 12 кишинин жанын алып жана 2 миң үйдү өрт гүлгө айлантканын демалыш күнү жергиликтүү бийлик маалымдаган.

Эксперттер бул өрттү шаардын тарыхындагы эң опурталдуу жана чоң өрт деп аташууда. 2013-жылы апрель айларында  Вальпараисо өрттөн жабыркашкан.  Анда өрт  30 үйдү өз кучагына алган.  Анда азыркыдай  Вальпараисо шаарында өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөрдүн тынымсыз иштешине карабай токойлор жана айланадагы үйлөр  өрттөнгөн.

Чилинин  президенти Мишель Бачелет дүйшөмбү  күнү  өкмөттүн министрлери менен  Вальпараисо шаарындагы өрттөн жабыркагандарга 100 дөн 250 долларга  чейинки биринчи  этаптагы компенсация төлө берүү  жөнүндө жыйын өткөргөн.

Айбат гезити №75