Домой Кызыктар дүйнөсү Чогуу сүрөткө түшүү учурунда Британиянын премьер-министрине “мүйүз” чыгарышты

Чогуу сүрөткө түшүү учурунда Британиянын премьер-министрине “мүйүз” чыгарышты

16

2 “Лестер Тайгерс” регби клубунун оюнчусу Ману Туилаги чогуу сүрөткө түшүү учурунда Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмеронго “мүйүз” чыгарганы үчүн кечирим сурады. Ал кечиримди өзүнүн Twitterдеги микроблогу аркылуу сураган. Ал премьерди капа кылгысы келбегендигин айтат. The Huffington Post басылмасынын билдиришинче окуя 16-сентябрда болгон. Кэмерон регби боюнча “Британдык жана ирландык арстандар” курамасынын мүчөлөрү менен чогуу сүрөткө түшкөн. Премьер-министрден анча алыс эмес турган Туилаги ага “мүйүз” чыгарганга үлгүрүп калган. Кэмерон аталган команданы жеңиши менен куттуктап, өз резиденциясында кабыл алган болчу. Курама команда июнь жана июль айыларында Австралияда өткөн маанилүү беттештерде жеңишти камсыз кылышкан.

Айбат гезити №46