Домой Маек Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Шайлоо учурундагы куру мактоолор деп түшүнсө болот”

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Шайлоо учурундагы куру мактоолор деп түшүнсө болот”

25

Чолпонбек Абыкеев– Чолпонбек мырза,  “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоочулар менен жолугушууларынын биринде партиялашы болгон Садык Шер-Ниязды көкөлөтө мактап, анын аракети менен Кыргызстандын кино тармагында 60-жылдары болгон “кыргыз керемети” кайрадан жанданганын билдирди. Буга кандай карайсыз?

– Бул нерсени шайлоо учурундагы куру мактоолор деп түшүнсө болот. Шайлоо сайын ушундай көрүнүштөр боло берет жана болуп келген. Азыркы мезгилде кино тармагыбы башка тармагыбы өтө төмөн түшүп кетти. Акыркы 20 жылдан бери керемет жараткан кино тартылганын көргөн жокмун.

– Кыргызстандын маданий саясатын Садык Шер-Нияз гана жүргүзүш керек дегенге кошуласызбы?

– Жымсалдап айтканда, өзүнүн деңгээли төмөн адамдын айтканы го. Маданиятты өстүрүү жалгыз кишинин колунан келет деген түшкө кирбеген нерсе. Маданият көп тармактуу болуп, жүздөгөн, миңдеген бөлүккө бөлүнөт. Азыр, маданият десе эле ырдагандарды, бийлегендерди түшүнүп алды. Ушулар туурасында көп макалаларым чыккан.

Айбат гезити №145