Домой Маек Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер: “Мен добуштарды сатып алууга каршымын”

Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер: “Мен добуштарды сатып алууга каршымын”

1

Чолпонкул Арабаев– Чолпонкул мырза, кээ бир партиялар добуштарды сатып алууга кам урууда. Акчанын күчү менен парламентке келген партиялар элди жыргатат деп ишенесизби?  

– Добуш сатып алуу буга чейинки шайлоолордо колдонулуп келген ыкма. Биз мындан кетишибиз керек. Шайлоо канчалык таза өтсө парламентке келген депутаттардын сапаты да жогору болуп өлкө келечегине да жакшы. Ошон үчүн мен добуштарды сатып алууга каршымын. Бул маселени тереңирээк айтканда адамдын шайлоого болгон укугу керт башындагы укук. Аны эч качан сатууга, күрөөгө коюуга болбойт. Тактап айтканда добуштарды сатууга болбойт. Ал эми акчанын күчү менен парламентке келген партиялар деле элди жарытпайт. Мындан сырткары, добуштарды сатып алууга миллондорду коротуп бирок, шайлоодон өтпөй калган партиялар сөзсүз чыр чыгарууга барышы ыктымал. Анткени, алардын акчасы кетип ичи тызылдап күйөт. Ошондуктан добуштарды сатып алуу эч качан жакшылыкка алып келбейт.

–  Негизи мыйзамда добуштарды сатып алууга тыюу салынган. БШК мындай көрүнүштөргө көз жумуп келгендей. Эгер кайсы бир партиянын добуштарды сатып алууга болгон аракети ашкере болсо аларды шайлоодон четтетсе болобу?

Негизи добуш сатып алуунун өзү мыйзамсыз. Эгер партиялардын мындай аракети ачыкка чыкса аларга БШК сөзсүз чара көрүшү керек. Ансыз кантип таза шайлоо өтсүн. Президент деле эл менен жолукканда бийлик таза шайлоо өткөрүүгө болгон аракетин жасаганын айтып “подкупко” каршы сүйлөбөдүбү. Ошондуктан мындай көрүнүшкө жол бербешибиз керек.

Айбат гезити №147