Домой Кызыктар дүйнөсү Чоң болуш үчүн “чолок кулак” болуш керекпи?

Чоң болуш үчүн “чолок кулак” болуш керекпи?

20

Чыныбай ТурсунбековБу курган кулак эмнени гана укпайт. Кулак адам баласына көрк гана бербестен жаратылышта, коомдо болуп жаткан жаңылыктарды дагы кооздоп угат эмеспизби. Эл арасында айтылып жүргөндөй  куйма кулак, акма кулак, кум кулак ж.б болуп бөлүнөт. Биздин айта турган сөзүбүз бул сырткы формасы боюнча болмокчу. Көптөгөн саясатчылардын кулактарын карап көрдүк, бирдей формада болду. Таң калтырганы белдүү бай инсандардын кулактары өзгөчө болуп калышы. Илгеркилер айткандай «кызыл кулактар» ушулар эмеспи деп кетет экенсиң. Психологдор адам баласын кыймыл аракетине, кебетесине жараша аныктап алат эмеспи. А тарыхчылар эмне дейт? Биз болгону окшоштук гана жактарын көрө алдык. «болор бала богунан» деген кеп бар эмеспи, эми кулагынан көрүп эле тыянак чыгарсак жарашчудай. Кулагыбызды кайра-кайра кармалап көрүп бир сыйра күлүп алдык.

Темир Сариев Салымбеков Калыкбек Султанов Максим Бакиев Шакиев

Айбат гезити №94