Домой Дин Чубак ажы Жалилов: “Өзүңдүн кулк мүнөзүң менен, жашооң менен даават кыл”

Чубак ажы Жалилов: “Өзүңдүн кулк мүнөзүң менен, жашооң менен даават кыл”

22

Чубак ажы Жалилов– Мен адамдарга дин боюнча жакшы айтып бере албай кыйнала берем. Себеби, сүйлөөгө анча шыгым жок. Башка жол менен кантип динди жеткизип, даават кылсам болот?

– Китептерди алпарып бер. Өзүңдүн кулк мүнөзүң менен, жашооң менен даават кыл.

– Баардык нерсенин акысын бериш керек. Напсинин акысын адал жолу менен кантип берсем болот?

– Күйөөгө тийиш керек. Болгону ошол.

– Жаш балдардын кийимин өрттөгөнгө болбой дешет…

– Эгер такыр эле кийгенге жарабай калса бир жөндүр. Бүтүн боло турган болсо, башка муктаждарга берип кой. Эгерде жарабай калса, өрттөсө зыяны тийбейт.

– Электрондук тесме менен зикир кылса сообу Кытайларга түшөбү?

– Андай эмес. Кытайга тыйыны, сага сообу түшөт.

– Адам өтүп кеткенден кийин кыркылык, аш өткөрүп элди коноктойт эмеспи? Эгерде маркумдун жакындарынын көңүлүн көтөрүш үчүн барса динден чыккан болобу?

– Эч кандай динден чыккан болбойт. Бирок кырк күн, жети күн деп белгилеген болбойт.

– Мен кафеде иштейм. Кээде кафенин кожоюнунан сурабай эле жей беребиз. Ал адал болобу?

– Ал арам болот.

– Мен инимди сүннөткө отургузалы дедик эле, лазер менен отургузса зыяны тийбейби?

– Зыяны тийбейт. Мен да балдарымды ошентип отургузгам.

– Бир апа кайрылып, олтуруп- туруп намаз окуй албай калдым десе дуа жазып бериптир. Ошол болобу?

– Дуа окуп намаздан кутула албайсың. Олтуруп-тура албаса, жатып окусун.

– Ваннада даарат алып жатканда даарат дуаларын айтса болобу?

– Эгер жанында даараткана боло турган болсо айтпаганы жакшы. Эгер өзүнчө, алыс турган болсо айта берсең болот.

– Ханафий масхабында парз окулган жерде сүннөт окулган болбойбу? Аялзатка да тиешелүүбү?

– Жок андай эмес. Айырмасы жок. Боло берет.

– Намазды аялдар үнүн чыгарып окуса кандай болот?

– Макрү.

– Тойго барганда сүрөт, видеого түшсө болобу? Эгер тойдо атасы болбой калса кызга күбө ким болот?

– Анча-мынча түшүп коюуунун зыяны тийбейт. Бирок нары-бери карап, кечке түшө берсең уят болот. Эгер атасы келбей калган болсо туугандары, агалары күбө боло берет.

– Шам намазына кийин зикир тартылабы?

– Ооба

– Мен өрдөктүн төш этин базардан алып, тамак кылып сатам. Бул арам эмеспи?

– Өрдөктүн эти арам болсо арам, адал болсо адал. Өрдөктүн эти адал болот. Эгер адалдап сойсо…

– Мен жолдошум менен эки жыл мурун ажырашкам. Талак берүү керекпи?

– Кантип ажырашканыңды такташ керек. Балким талактын деле кереги жок. Ошону менен ажырашып кеткен болосуң.

– Нафил намазын окуп бүткөндөн кийин, баардык арбактарга багыштадым десем, өзүмө да сообу тийеби?

– Тийет.

– Бут кийим тууралуу айтып бериңизчи? Аял кишинин бут кийими кара болушу керекпи?

– Негизинен кара болушу шарт эмес. Кандай өң болсо дагы денеңди жаап турса боло берет.

– Менин күйөөм дин тууралуу сабакка келгениме каршы. Ал жумушта жүргөндө айтпай туруп баса берем, күнөө эмеспи?

– Эгер анын динден кабары жок болсо, боло берет. Бирок көндүрүп алсаң андан жакшыраак болот.

– Бала төрөлө электе эле кийимдерин алып койсо болобу?

– Болот.

– Аттахиятта сөөмөйүн көтөрсө болобу?

– Көтөргөн сүннөт болот.

Бакыт Абасбеков

Айбат гезити №134