Домой Коом Чычканда депутат Нарматованын машинасы жол кырсыгына кабылып анын баласы каза болду

Чычканда депутат Нарматованын машинасы жол кырсыгына кабылып анын баласы каза болду

18

Чычкан

Кечээ, 21-июлда саат 13:00лер чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда “Арал” постунда “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматованын машинасы катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “ВБ”га өкмөттөгү жеке булак билдирди.

“Чычкан ашуусунан “Тойота-Камри” (мамлекеттик номери 0032 KG) түштүк борбор тараптан келе жатып “Вольво” (мамлекеттик номери S 1012 AL) жүк ташуучу машина менен кагышкан.

Анан кесепетинен “Тойотанын” айдоочусу Мээримбек Нурдинов (1984-жылы туулган) жана жүргүнчү Медербек Шакиев (1959-жылы туулган) каза болгон.

Токтогул райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Кызбурак Гаипкулова, Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1990-жылы туулган Мээрим Токторбекова жана Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Дильяна Жунусова жеткирилген.

Жол кырсыгынан депутат Надира Нарматованын баласы каза болгон.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227682