Домой Саясат «Чыңгызхандын шакирти» Ташиев акталып, шайлоого аттанабы?

«Чыңгызхандын шакирти» Ташиев акталып, шайлоого аттанабы?

6

Ташиев Камчыбек2012-жылы Чыңгызханчасынан 20 «жоокери» менен бийликти басып алмакчы болгон Камчыбек Ташиев акталганын анын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Азаттык» радиосуна маалымдады. Анын айтымында, Жалал-Абад шаардык соту “Ата Журт-Республика” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин соттолгонун жокко чыгарды. Эми ага шайлоого катышуу үчүн жол ачылды.

«Телибай тентектигинин» айынан 1 жыл беш айга кесилип, мандатынан ажыраган Камчыке түрмөдөн сабак алса керек. Эми Чыңгызханча «жортуулун» кайталабаса керек.

Айбат гезити №126