Домой Саясат Чыныбай Турсунбеков: “Парламенттик көпчүлүктүн тагдыры “Ата мекен” фракциясынын “Кумтөр” боюнча чечиминен көзкаранды”

Чыныбай Турсунбеков: “Парламенттик көпчүлүктүн тагдыры “Ата мекен” фракциясынын “Кумтөр” боюнча чечиминен көзкаранды”

3

Чыныбай Турсунбеков“Парламенттик көпчүлүктүн тагдыры “Ата мекен” фракциясынын “Кумтөр” боюнча чечиминен көзкаранды” деп билдирди КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 24.kg агенттигине курган маегинде.
Анын айтымында, парламенттик көпчүлүктүн кеңеши “Кумтөр” боюнча бирдиктүү чечим кабыл алган. Ал эми алтын кенин улутташтыруу талабын койгон “Ата мекен” фракциясына коалициянын чечими менен макул болууга убакыт берилген. “Эгер социалисттер биз менен макул болсо, мындан ары кызматташабыз жана коалиция ушул түзүмүндө калат. Эгер “Ата мекен” алтын кенин улутташтыруу талабынан кайтпаса, коалициянын бузулуу коркунучу жаралат. Ага чейин премьер-министрге талапкер тандоо маселесин талкуулап турабыз. КСДП фракциясынын 24-апрелдеги жыйынында бул маселе каралбайт”, – деген Чыныбай Турсунбеков азырынча конкреттүү талапкер жок экенин белгиледи.

Айбат гезити №125