Домой Экономика Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстанда буудайдын баасы 12 сомго төмөндөдү

Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстанда буудайдын баасы 12 сомго төмөндөдү

5

p-0001_100516Кыргызстанда буудайдын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда “ВБ”га КСДП фракциясынын лидери, “Акун” ун чыгаруучу фирмасынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков билдирди.

“Жаңы оруп жыйноо иштерине байланыштуу азыр унга болгон баа төмөндөдү. Мурун 1 кг буудай 16-17 сом турса, азыр 12 сомдон алса болот. Буга байланыштуу ундун баасы дагы төмөндөдү”, – дейт Турсунбеков.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда бажы төлөмү киргизилгендиктен бир кап ундун баасы 30 сомго жогорулагандыгы тууралуу маалыматтар тараган жана ага “Акун” компаниясы күнөөлү деген пикирлерди калтырган.

Өз кезегинде Турсунбеков мындай айыптоолорду четке какты.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227223