Домой Кызыктар дүйнөсү Цой тирүү

Цой тирүү

5

Виктор Цой1990-жылы 15-августта Россия эле эмес, КМШ, деги эле орус тилин түшүнгөндөрдүн кумири, эң бир даңазалуу рок ырчысы Виктор Цой аварияда каза болгон. Анын жаркын элесине арнап HoodGraff аттуу сүрөтчүлөрдүн тобу тарткан, Санк-Петербургдун борбордук районундагы короолордун бириндеги граффитини өчүрбөй, калтырып коюууга губернатордун ишин убактылуу аткаруучу Георгий Полтавченко тапшырык берди.

Лента.ру белгилегендей ал сүрөттү, борбордук райондун башчысы М.Щербакова – “сүрөтчүлөр администрация менен макулдашпай тартышканы үчүн өчүрүүгө туура келет” – деп жаткан болчу.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №91