Домой Коом Д. Ирсалиев: “Мамлекеттин өнүгүп келе жаткан багытын бузуп албайлы”

Д. Ирсалиев: “Мамлекеттин өнүгүп келе жаткан багытын бузуп албайлы”

4

Жогорку Кеңештин депутаттыгына СДПК партиясынан талапкер Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун Исакеев айылындагы шайлоочулары менен жолугушту.

Дүйшөн Ирсалиев

Исакеев айылынын тургундары менен болгон жолугушууда буларды айтты:

«Бөлүнгөндү бөрү жейт деген сыңары эгерде биз бөлүнүп отурсак биздин эле коңшу өлкөлөр бизди бөлүп кетет. Азыркы учурда канчалаган улуттар эгемен мамлекети жок ар кайсы мамлекетте баш калкалап жүрөт. Эгерде азыркы саясатчылар элдин эртеңин ойлонсо биримдиктүү иш алып бармак.Мамлекеттин бүтүндүгү керек болсо келечек үчүн туура добуш берүү керек. Бетеге кетет – бел калат, бектер кетип – эл калат деген сыңары туура тандоо кылуу керек. Буга чейин эки Ажо мамлекетти сазга салып, баса берди. Эми бул жолкусун да туура эмес тандоо кылып мамлекеттин өнүгүп келе жаткан багытын бузуп албайлы».